Кыргызстанда орточо айлык акы 39 миң сомду түздү
11 март

Кыргызстанда орточо айлык акы 39 миң сомду түздү

Кыргызстанда номиналдык эсептелген орточо эмгек акы өткөн жылга салыштырмалуу 16,9 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев маалымат жыйынында билдирди. 

Айтымында, өлкөдөгү орточо айлык акы чакан ишканаларды эске албаганда, 39 миң 342 сомду түздү. Бул 2024-жылдын январь айына салыштырмалуу 16,9 пайызга көп. 

Ал эми айлык акынын кыйла жогору өсүшү курулуш, маалымат жана байланыш, кыймылсыз мүлк операциялары тармактарында, мейманкана бизнеси, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, пайдалуу кендерди казуу жаатында байкалган.