Эдил Байсалов АКШнын президенти Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды
25 май

Эдил Байсалов АКШнын президенти Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды

2026-жылдын 21-майында АКШнын Ак үйүндө Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эдиль Байсаловдун АКШнын Президенти Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Аземдин жүрүшүндө Элчи Э.Байсалов АКШнын Президентине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламдарын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого берилгендигин ырастады.

Өз сөзүндө Элчи Э.Байсалов Кыргыз Республикасы өлкө көз карандысыздыкка ээ болгон алгачкы жылдардан тартып Америка Кошмо Штаттары тарабынан көрсөтүлүп келген колдоону жогору баалай турганын белгилеп, ошондой эле АКШнын Администрациясына Борбор Азия жана регион өлкөлөрү менен мамилелерди өнүктүрүүгө тарыхый деңгээлде жогору көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Д.Трамп ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, Кыргыз Республикасынын жаңы Элчисин куттуктап, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Америкалык лидер эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы жылуу мамилелерди Америка Кошмо Штаттары жогору баалай турганын белгилеп, Элчи Э.Байсаловдун келиши байланыштарды чыңдоого жана саясий-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Аземдин жыйынтыгында Элчи Э.Байсаловдун ишеним грамоталарын тапшыруусуна карата Вашингтондогу Кыргыз Республикасынын Элчилигинде дипломатиялык кабыл алуу уюштурулду.