Аксы жана Кара-Кулжа райондору тажрыйба алмашты
28 июль

Аксы жана Кара-Кулжа райондору тажрыйба алмашты

Жалал-Абад облусунун Аксы району менен Ош облусунун Кара-Кулжа району аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ийгиликтүү башкаруу ыкмаларын бөлүшүү максатында 26-июлда тажрыйба алмашуу иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу Аксы райондук администрациясынан кабарлашты. 

Жолугушуунун алкагында эки райондун акимдери, аппарат кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, айылдык кенеш төрагалары билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба жана социалдык тармактын өкүлдөрү катышып, өздөрүнүн ийгиликтүү долбоорлору жана иш тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Иш-чаранын негизги багыттары төмөнкүлөр болду:

  • Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү;
  • Билим берүү жана жаштар саясатын ишке ашыруу;
  • Туризм жана маданий мурастарды өнүктүрүү боюнча кызматташуу.

Катышуучулар Кара-Кулжа районунун билим берүүдөгү алдыңкы практикалары менен таанышып, Кара-Кулжа районунун райондук китепканасынын жана музейинин иштери, туризм, айыл чарбасы, жана башка көптөгөн маселелер боюнча маалымат алышты.

Иш-чара соңунда эки район ортосунда кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү меморандуму кабыл алынды. Аталган макулдашуу мындан аркы тажрыйба алмашууларды, долбоордук кызматташууну жана достук байланышты чыңдоого багытталган.