Коопсуздук ыкчам көзөмөл режиминде: ИИМ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда санариптик көзөмөлдү күчөтүүдө
6 сентябрь

Коопсуздук ыкчам көзөмөл режиминде: ИИМ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда санариптик көзөмөлдү күчөтүүдө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыздоого тартылган бөлүмдөрдүн ишин уюштурууну текшеришти.

Коопсуздукту камсыздоодо санариптик технологияларды колдонууга - видеобайкоо системаларынын ишине, ыкчам кырдаалга мониторинг жүргүзүүгө жана транспорт агымдарынын кыймылын көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Алынган маалыматтар кырдаалга өз убагында баа берип, анын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.

Тартылган бөлүмдөрдүн жетекчилери учурдагы кырдаал жана кызмат өтөөнү уюштуруу тууралуу баяндама беришти. Ошондой эле кызматтардын өз ара аракеттенүүсү жана кызматкерлердин ыкчам чара көрүүгө даярдыгы текшерилди.