Пара талап кылуу фактысы боюнча Тоң райондук сотунун төрагасы кармалды
30 сентябрь

Пара талап кылуу фактысы боюнча Тоң райондук сотунун төрагасы кармалды

Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. 

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 27-сентябрда 3000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы А.Г.Н. кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында судья аталган каражатты өзүнүн ортомчусу аркылуу алып жаткан жеринен кармалып, жеке тинтүү жүргүзүү учурунда Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы А.Г.Н.дан 2500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты, калган 500 АКШ доллары ортомчудан алынган.

2024-жылдын 28-сентябрында КР Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде судья А.Г.Н.га карата айыпталуучу катары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 2024-жылдын 17-ноябрына чейин КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Учурда КР УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.