Бишкекте сегиз жаштагы кыздын алтын сөйкөсүн чечип кеткен аял кармалды
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 август

Бишкекте сегиз жаштагы кыздын алтын сөйкөсүн чечип кеткен аял кармалды

Бишкекте сегиз жаштагы кызды тоноп кеткен деп шектелген аял кармалды. Окуя көп кабаттуу үйдүн короосунда болгон.

Милициянын маалыматына караганда, 12-августта саат 15:22 чамасында «102» кызматына А.Г. аттуу жаран кайрылган. Ал болжол менен жарым саат мурун Гоголь көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда белгисиз аял 2018-жылы туулган кызына жакындап, кулагындагы алтын сөйкөлөрүн ачык эле чечип алып, изин жашырып кеткенин билдирген.

Алтын сөйкөлөрдүн баасы 40 миң сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси («Тоноо») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция шектүүнүн өздүгүн аныктаган. Ал 2005-жылы туулган С.Т. болуп чыккан. Шектүү райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө учурунда шектүү уурдалган алтын сөйкөлөрдү мурда кайсы жерге сатып жибергенин көрсөткөн. Аларды сатып алган жарандар зер буюмдарды далил зат катары милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп беришкен.

Мындан тышкары, милиция кармалган аялдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктаган. Учурда анын башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы текшерилип жатат.