Караколдогу автовокзалдын реконструкциясы кызуу жүрүп жатат
4 февраль

Караколдогу автовокзалдын реконструкциясы кызуу жүрүп жатат

1988-жылы курулган Каракол автовокзалынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгү.

Реконструкциянын максаты – жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана имараттын тарыхый көрүнүшүн сактоо.

Объектти тапшыруу 2025-жылдын жай айларына пландалууда.