Гимнге татыктуу вариант жок. ЖК комиссия курамын бекитти
29 январь

Гимнге татыктуу вариант жок. ЖК комиссия курамын бекитти

Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча жарыяланган сынак талкууга алынды. 

Анда сунушталган варианттардын арасында татыктуусу жок экени айтылып, сынакка келген варианттарды иргөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. 

Депутат Камила Талиева 900гө жакын варианттар келгенин, бирок баары жарабай калганын билдирди. 

“Эми муну элдик талкууга койгон туура болот окшойт. Элдин ичинен да жакшы варианттар чыгышы мүмкүн. Албетте, бүгүнкү күндө Давлесов, Кулуев жок. Бул абдан жүйөлүү маселе”, – деди ал. 

Спикер Нурланбек Тургунбек уулу гимн тандоо оңой-олтоң иш эместигин белгилеп, комиссия мүчөлөрүн бул ишке олуттуу мамиле кылууга чакырды.

Спикердин айтымында, сынак 1-июнга чейин жүргүзүлөт. Бирок эгерде бул мөөнөт ичинде да татыктуу варианттар табылбаса, анда 1-сентябрга чейин улантылышы мүмкүн.