Саламаттык сактоо министри БУУнун системасы менен кызматташтыктын артыкчылыктарын талкуулады
Саламаттык сактоо министрлигинде 29-январда саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) системасынын Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр БУУнун системасына саламаттык сактоо тармагындагы реформаларды ырааттуу колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, БУУнун агенттиктеринин медико-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, коомдук саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүүгө, медициналык жардамга тең жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу программаларына, ошондой эле оорулардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча демилгелерге кошкон салымын белгиледи.
Министр Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы командасынын негизги артыкчылыктары тууралуу маалымат берип, ооруларды дарылоодон — дени сак коомду калыптандырууга өтүүгө багытталган профилактикага өзгөчө басым жасады. Артыкчылыктуу багыттардын катарында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, сергек жашоо образын жайылтуу, эмдөөнү чыңдоо, эне менен баланын саламаттыгын коргоо, энелер өлүмүн азайтуу, жугуштуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана саламаттык сактоо системасын реформалоо белгиленди. Ошондой эле саламаттык сактоодо санариптик чечимдерди мындан ары өнүктүрүүнүн, анын ичинде бейтаптын электрондук медициналык картасын киргизүүнүн, телемедицинаны кеңейтүүнүн жана ыкчам чара көрүү үчүн кырдаалдык борбор түзүүнүн зарылдыгы өзүнчө белгиленди.
Министр БУУнун системасы тарабынан саламаттык сактоо уюмдарын заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоого, медициналык кызматкерлер үчүн чет өлкөлөрдө стажировка өтүү жана окутуу программаларын кеңейтүүгө, ошондой эле мыкты эл аралык тажрыйбаларды алмашууга колдоо көрсөтүүсүнө кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде Антье Граве айым БУУнун системасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен кызматташууну улантууга жана тереңдетүүгө даяр экенин белгиледи. Ал Кыргызстан БУУнун системасынын агенттиктеринин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан санариптик трансформация боюнча глобалдык программага катышуучу өлкөлөрдүн бири экенин айтып, санариптештирүү, эмдөө, эне менен баланын саламаттыгын коргоо, репродуктивдик саламаттык жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү багыттарында мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Тараптар ошондой эле БУУ системасынын 2026–2027-жылдарга карата стратегиялык пландаштыруу процесстерин жана 2028–2032-жылдарга арналган беш жылдык кызматташтык боюнча жаңы алкактык документти даярдоону талкуулап, биргелешкен иштин артыкчылыктарын аныктоодо Саламаттык сактоо министрлигинин активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн ырасташты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын туруктуу өнүктүрүүнүн кызыкчылыгында өнөктөштүктү чыңдоого жана координацияланган ишти улантууга өз ара кызыкдар экенин билдиришти.
