Таш-Көмүрдө жол жээгинде баратып кой уурдаган үч жаран кармалды
29 январь

Таш-Көмүрдө жол жээгинде баратып кой уурдаган үч жаран кармалды

Таш-Көмүр ШИИБне 1987-жылы туулган Кызыл-Алма шаарчасынын тургуну К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда: 2026-жылдын 5-январь күнү саат 15:05 чамасында Ош-Бишкек жолунун Кызыл-Алма айылында койлорум жайылып жүргөн жеринен 1баш соолук койумду кара түстөгү мерседесте белгисиз атуулдар жүктөп уурдап кетишкендигин билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү сураган.

Аталган факты Таш-Көмүр ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде, кылмышка шектүү катарында Баткен облусунун 2002, 2003, 2004-жылы туулган тургундары кармалып, Таш-Көмүр ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.