Кыргызстан менен Иран коопсуздук жана ШКУнун алкагында кызматташтык маселесин талкуулады
президенттин администрациясы
13 май

Кыргызстан менен Иран коопсуздук жана ШКУнун алкагында кызматташтык маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 13-майда, Иран Ислам Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин тышкы саясат боюнча катчысынын орун басары Али Багери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-чи жолугушуусунун алдында өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык процесстер талкууланды.

Мындан тышкары, эки жактуу кызыкчылык туудурган бир катар багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын ролу, ошондой эле уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоонун мааниси баса белгиленди.