
Бишкекте Айни көчөсүндөгү тротуар капиталдык оңдоодон өттү
Бишкекте жолчулар Айни көчөсүндөгү тротуарды Ч.Айтматов проспектисинен Псков көчөсүнө чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.
Узундугу 2,8 чакырым (эки тарабы) тротуарда толугу менен эски асфальты алынып, бордюр, ирригация системасы орнотулду жана асфальт төшөлүп бүттү.
Ошондой эле, 2024-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, Айни көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки түштүк тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоо иштери да жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы буга чейин жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин башталган объектерди жыйынтыктоонун үстүндө жигердүү иш алып барууда.