Кыргызстан менен Азербайжан аскердик-техникалык кызматташтыктын келечегин талкуулашты
23 октябрь

Кыргызстан менен Азербайжан аскердик-техникалык кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын коргоо министрлери Бактыбек Бекболотов менен Закир Аскер Оглы Гасановдун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынар кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы Аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Министр Бекболотов Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы аскердик байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту биргелешип камсыз кылуу контекстинде алардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун соңундаБекболотов Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы аскердик кызматташууну бекемдөө эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана аймактык коопсуздукту күчөтүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.