Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды
20 апрель

Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

КР УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөөчүсү О.А.Ж. тарабынан акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктап, бөгөт койду.

Ал алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жана аны издөөдөн чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынан 25 000 АКШ долларын опузалап талап кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2026-жылдын 17-апрелиндеги токтому менен О.А.Ж.га карата бир ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалып алынды.

Азыркы учурда кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.