Ош: «Олигарх» ресторанында мушташка катышкандар милицияга жеткирилди
Ош шаарындагы «Олигарх» ресторанында өткөн үйлөнүү тою учурунда чыккан мушташ боюнча милиция чара көрдү.
Окуяга катышкан жарандар милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Социалдык тармактарга тараган видеодон бир адамдын колунда тапанчага окшош буюм көрүнгөн. Ал пневматикалык тапанча экени аныкталды.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
