Эдил Байсалов Түркиянын элчиси менен жолукту
Министрлер кабинети
5 март

Эдил Байсалов Түркиянын элчиси менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушууда МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан боордош Түркия Республикасы менен кызматташтыкты ар тараптуу чыңдоого өзгөчө маани берээрин жана эки өлкөнү бекем тарыхый, маданий жана руханий байланыштар бириктирип тураарын белгиледи. 

Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланышты туруктуу жана сапаттуу өнүктүрүүгө кызыктар экенин белгилешти. Ошондой жле саламаттыкты сактоо, маданият жана билим берүү жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Өз ара пайдалуу кызматташтыкты натыйжалуу ишке ашыруу үчүн негиз түзгөн эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасалды.

Тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана өз ара кызыкчылык жараткан эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.