Кырчын жайлоосунда ашпозчулардын эл аралык мелдеши өттү
5-сентябрда Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ашпозчулардын эл аралык мелдеши өттү.
Мелдешке бир катар өлкөлөрдөн келген ашпозчулар катышып, улуттук ашканаларын жана кесиптик чеберчилигин көрсөтүштү.
Жыйынтыгында баш байгени Монголиядан келген ашпозчу жеңип алды. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
