Бишкекте ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин IX кеңешмеси өтүүдө
Бишкекте бүгүн,20-апрелде Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө- мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин тогузунчу кеңешмеси башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо минстрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Хан Сухэль, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун директору доктор Ханс Клюге, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле саламаттык сактоо министрлери жана министрлердин орун басарлары баштаган ШКУга мүчө мамлекеттердин делегациялары катышууда.
«Кыргыз Республикасы үчүн ШКУга төрагалык кылуу — бул бир гана жогорку сыймык эмес, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү заманбап чакырыктарга жооп берген практикалык күн тартибин калыптандыруудагы чоң жоопкерчилик. Бүгүнкү күндө дүйнө жаңы эпидемиологиялык коркунучтарга, климаттык өзгөрүүлөргө жана кадрдык чакырыктарга туш болуп жаткан учурда, биздин кызматташтыгыбыз өзгөчө актуалдуу болууда. Биргелешкен аракеттер менен биз саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун чыңдап, санариптик чечимдерди кеңейтип, элдерибиздин ден соолугун камсыз кыла аларыбызга ишенем», — деп белгиледи КР саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.
Кеңешменин алкагында саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде оорулардын алдын алуу жана калктын ден соолугун башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты, дарылоону уюштуруу маселелерин жана медициналык жардам көрсөтүү системаларынын туруктуулугун, ошондой эле тармакты санариптик трансформациялоону талкуулоо пландаштырылууда.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу жана саламаттык сактоо тармагында ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү күтүлүүдө.
