
Кыргызстанда кант диабети менен ооруган балдардын саны өсүүдө
Кыргызстанда 14-ноябрь "Кант диабети менен күрөшүү күнү" катары белгиленет. Буга байланыштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда пункттар уюштурулуп, ар бир адам кандагы канттын деңгээлин өлчөп жана эндокринологдун акысыз кеңешин алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Тилекке каршы, жаңы аныкталган кант диабети менен ооругандардын саны жыл сайын өсүүдө.
Акыркы 5 жылда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун эндокринология бөлүмүнүн дарыгерлери 2019-жылы 1-типтеги кант диабети менен 90 бала, 2023-жылы 110, 2024-жылы 89 бейтапты аныкташкан. Белгилей кетсек, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында балдар эндокринологиясы бөлүмү 1995-жылдан бери иштеп келет.
Балдардын жашоо сапатын, жашоо образын, тамактануусун жана гликемияны көзөмөлдөөнү жакшыртуу үчүн бөлүм 2006-жылдан бери аларды Диабет мектебинде үзгүлтүксүз окутуп турат. Ал жерге балдар эле эмес, алардын ата-энелери да чакырылат. Бүгүнкү күндө 1 типтеги кант диабети боюнча клиникалык протоколдор иштелип чыккан жана жаңыртылган.
Кант диабетин диагностикалоо жана балдардын канындагы канттын деңгээлин көзөмөлдөө үчүн кандагы глюкозаны үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнүн заманбап ыкмалары жана инсулиндик помпа колдонулат.