
Эң кымбат батирлер Бишкектин кайсы районунда сатылат?
Эң кымбат батирлер Бишкектин кайсы районунда сатылат? Бул суроого "Биринчи радионун" эфиринде министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин кадастрдык баалоо секторунун жетектөөчү адиси Айдар Сукенбаев жооп берди.
Анын айтымына караганда, адатта кыймылсыз мүлктүн баасы анын жайгашкан жеринен улам коюлат. Эгерде мурда калаанын так борборунда жайгашкан батирлер эң кымбат бааланса, азыр суроо-талап зонасы борбордун түштүгүнө жылды.
"Мурда борбордо жайгашкан батирлер кымбат болчу. Ага Фрунзе көчөсү менен түндүктөн чектеш аймак; Чыгыш-5ке чейинки - чыгыш тарабынан; Жаш Гвардия - батыш тарабынан да, түштүк тарабынан да - темир жол жак кирчү. Андан ары борбордон кийинки аймактардагы батирлер кымбат турчу. Андан соң гана кичирайондор, Жал кичирайону, Аламедин, Тунгуч", - деди Сукенбаев.
Бирок аткаминер билдиргендей, акыркы мезгилде суроо-талап зоанасы жылды.
"Эгерде мурда биринчи зона борбордук бөлүк болсо, эми түштүк кичирайондор, Асанбай жана ошол аймакта жайгашкан жаңы кварталдар болууда. Ал жакта батирдин бир чарчы метри дээрлик 1200-1300 АКШ доллары турат. Анан иерархия боюнча борбор, андан кийин Жал, Чыгыш-5, Аламүдүн, Тунгуч, Учкун ж.б.у.с.", - деп түшүндүрдү чиновник.