Бишкекте эки кичинекей бала сууга чөгүп кетти
29 январь

Бишкекте эки кичинекей бала сууга чөгүп кетти

Бишкекте эки кичинекей бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 29-январда болгон.

Куткаруучуларга Бакай-Ата конушунун Кыргыл Чал көчөсүндө жайгашкан каналга балдар түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине алты куткаруучу тартылып, 2016-жылы туулган кыз жана 2019-жылы туулган жаш баланын сөөгүн чыгарышып, КР ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.