Таласта техникалык регламенттерди сактабаган компанияга 200 миң сом айып салынды
10 февраль

Таласта техникалык регламенттерди сактабаган компанияга 200 миң сом айып салынды

Таласта техникалык регламенттерди сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Талас облусундагы курулуш объектилеринин сапатына пландан тышкары текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында инспекторлор тарабынан Талас шаарынын О. Турдалиев көчөсү 183а дарегинде курулуп жаткан соода борбору жана мейманканын курулушунда коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы аныкталды.

Ошондой эле аталган курулуш объектисинде техникалык регламенттердин сакталбагандыгы белгилүү болду.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Алтын Казык Курулуш Кей Джи” ЖЧКсына карата мыйзам бузуу фактысы боюнча протокол түзүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Белгилей кетсек, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан өлкө аймагында курулуш тармагындагы мыйзам талаптарынын сакталышын, курулуш иштеринин сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө максатында жүргүзүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын алкагында бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.