Кыргызстан менен Азербайжандын ТИМ башчылары эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты
КР ТИМ
20 апрель

Кыргызстан менен Азербайжандын ТИМ башчылары эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Жейхун Байрамов жолукту.

КР ТИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 2026-жылдын 18-апрелинде Анталья дипломатиялык форумунун алкагында өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде алдыда боло турган жолугушуулар менен сапарларды талкуулашты.

Мамлекеттердин эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө умтулуусу белгиленди.