www
20 апрель
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун сегиз ардагери калды
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды, алардын ичинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөндөр жана концлагерлердин мурдагы туткундары бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.
Алардын ичинен 8и – согуштун түз катышуучулары.
Аймактар боюнча:
- Бишкек – 4;
- Чүй облусунун Жайыл району – 2;
- Нарын облусунун Ат-Башы району – 1;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району – 1.
Мындан тышкары, өлкөдө концлагерлердин жашы жете элек 6 мурдагы туткуну жашайт: алардын 4ү Бишкек шаарында, бирден Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында.
Ошондой эле Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам бар: алардын 8и Бишкекте, бирден Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында жашайт.
