Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник жазасыз калбайт — президент
Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Мамлекет башчысы аткаминерлерди азыртадан оңолууга чакырды.
"Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек", – деди ал.
