Кыргызстанда Курман айт 27-майда белгиленет
13 май

Кыргызстанда Курман айт 27-майда белгиленет

Кыргызстанда 2026-жылдагы Курман айт майрамы 27-майда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, өлкөдө бул майрам эс алуу күнү болуп эсептелет.

Муфтияттын маалыматына караганда, 26-майда арапа.


Курман айт майрамы — мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири. Бул майрам Орозо бүткөндөн соң 70 күндөн кийин белгиленет. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.