«Түндүк» тиркемесинин эң популярдуу сервистери кайсылар?
10 февраль

«Түндүк» тиркемесинин эң популярдуу сервистери кайсылар?

«Түндүк» санарип кызматы кыргызстандыктар арасында жогорку популярдуулугун сактоодо. Учурда аны 3 миллиондон ашык адам активдүү колдонот, ал эми тиркемеде 194 кызмат жеткиликтүү, анын ичинде 20сы юридикалык мааниге ээ кызматтар.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, «Түндүк» санариптештирүү процессинде негизги роль ойнойт жана тынымсыз өркүндөтүлүп жатат. 2025-жылы системага ишке киргизүү баскычындагы 20дан ашык жаңы кызмат кошулган.

Колдонуучулар электрондук форматта документтерди жана маалымкаттарды ала алышат, поликлиникаларга онлайн жазыла алышат, ошондой эле айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу, автоунааны сатып алуу-сатуу келишимин каттоо, айып пулдарды төлөө жана камсыздандыруу полистерин тариздөө сыяктуу популярдуу кызматтарды пайдалана алышат.

Министрлик белгилегендей, «Түндүк» кызматтардын тизмесин кеңейтип, тейлөө сапатын жакшыртууну улантып, жарандарга мамлекеттик кызматтарга онлайн ыңгайлуу жетүүнү камсыз кылууда.