Тармактык комитетке Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун 2024-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди
Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун 2024-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
Маалымат менен Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Максат Тентимишов тааныштырды. Анын айтымында учурда консулдук каттоодо 14 730 кыргыз жараны турат.
«Негизги көйгөйлөр айрым жарандар тарабынан миграциялык мыйзамдардын бузулушу, административдик жол-жоболордон өтүүдөгү кыйынчылыктар жана Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандарын мекенине өткөрүп берүү маселелеринин узак убакыт каралышы болууда», - деди баяндамачы.
Талкуу маалында депутаттар бир катар маселелерге көңүл буруп, анын ичинен жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чараларын күчөтүү, эмгек мигранттарына юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү сыяктуу иштердин маанилүүлүгүн белгилешти.
Алсак, депутаттар Гуля Кожокулова, Медина Кайрылбекова жана Жылдыз Садырбаева жарандар арасында Россия Федерациясынын миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын талаптары тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын билдиришти.
Комитет төрайымы Эльвира Сурабалдиева иш берүүчүлөр тарабынан эмгек укуктары бузулган учурларга карата консулдук тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сурады. Максат Тентимишов 24 кыргыз жаранына иш берүүчүлөрдөн акчалай кенемте өндүрүп алууга көмөк көрсөтүлгөнүн, ошондой эле кыргыз жарандарын мыйзамдуу жумушка орноштуруу маселелери боюнча иш берүүчүлөр менен жолугушуулар өткөрүлүп жатканын билдирди.
Мындан тышкары, депутаттар түзөтүү мекемелеринде кармалып турган кыргыз жарандары менен жүргүзүлүп жаткан иштер, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү жана консулдук-укуктук жардам көрсөтүү маселелерин да көтөрүштү.
