Кыргызстан дүйнөдөгү жашоого эң арзан өлкөлөрдүн катарына кирет
18 январь

Кыргызстан дүйнөдөгү жашоого эң арзан өлкөлөрдүн катарына кирет

Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү жашоо наркы эң төмөн өлкөлөрдүн бири катары таанылды.

Республика Numbeo эл аралык рейтингинде 2026-жылга карата 155 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Ижара акысы жана азык-түлүк баалары салыштырмалуу арзан болгону менен, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн индекси орточо деңгээлде калууда.

Numbeo эл аралык аналитикалык платформасынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда жашоо наркынын жалпы индекси 27,3 пунктту түздү. Изилдөө беш негизги категорияны камтыйт: азык-түлүк баалары, турак жайды ижарага алуу, ресторандардагы чыгымдар, коммуналдык кызматтар жана калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү.

Кыргызстан боюнча негизги көрсөткүчтөр:

  • Турак жайды ижарага алуу — 12,0 пункт (аймактагы эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири);
  • Азык-түлүк баалары — 20,4 пункт;
  • Ресторандардагы баалар — 27,6 пункт;
  • Коммуналдык кызматтар — 23,6 пункт;
  • Сатып алуу жөндөмдүүлүгү — 40,6 пункт.

Эксперттер белгилегендей, жашоонун арзан болушу жарандардын реалдуу кирешелеринин чектелүү деңгээли менен айкалышып келет.

Аймактагы коңшу мамлекеттер да рейтингдин төмөнкү бөлүгүнө кирген:

  • Казакстан — 128-орун (индекс 29,8);
  • Тажикстан — 136-орун (индекс 27,9);
  • Өзбекстан — 138-орун (индекс 27,3).

Жашоо эң кымбат болгон аймактар катары Бермуд, Кайман жана Виргин аралдары аталса, эң арзан өлкөлөрдүн катарына Пакистан, Индия жана Ливия кирди.