Түркияда кыргыз жараны ФЕТО уюмуна байланыштуу кармалды
5 июнь

Түркияда кыргыз жараны ФЕТО уюмуна байланыштуу кармалды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов кармалгандыгы тууралуу маалыматтык тастыктады. 

Ведомстводон кабарлашкандай, аталган маселе министрликтин жана Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө турат.

"Кармалган жарандын жакын туугандары менен туруктуу байланыш камсыздалууда", - деп кошумчалашты ТИМден.

Элчилик Э.С.га жардам көрсөтүү, ошондой эле анын кармалышынын жагдайларын жана себептерин тактоо максатында Түркия Республикасынын компетенттүү органдары менен тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, түрк бийлиги аны Анкара тарабынан террордук деп эсептелген ФЕТО уюму менен байланышы бар деп шектенүүдө.

Жактоочу Эрдем Атмаджа "Азаттыкка" кармалганын ырастап, Сабыржанов Анкарадагы түрмөлөрдүн биринде кармалып турганын билдирди. Бирок ага кандай айып тагылганы азырынча ачыктала элек.

Кармалган жарандын жубайы Аделина Касымова буга чейин ЖМКларга бир нече жумадан бери Түркияда үч баласы менен туугандарынын жана жакындарынын колдоосусуз жүргөнүн айткан.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, түрк укук коргоо органдарынын кызыгуусуна себеп болгон жагдайлардын бири Эрмек Сабыржановдун 2014-жылы Түркиянын Измир шаарында билим алганы болушу мүмкүн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырдаалга көз салып жатканын жана Кыргыз Республикасынын жаранына зарыл болгон консулдук жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.