Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кармалды
16 июль

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кармалды

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кармалганын бир катар ЖМКлар жазып чыгышты. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, тергөө-ыкчам иш-чарасын УКМК жүргүзгөн. Ырсалиев менен бирге Ленин жана Октябрь акимчиликтеринин кызматкерлери камакка алынган.

Азырынча алар эмне үчүн кармалгандыгы так айтылат элек.

Ырсалиев бул кызматка 2024-жылдын 14-майында дайындалган. Ал транспорт жана курулуш иштерин көзөмөлдөйт.