Ички иштер министрлигинде «Напарниктер 3» тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү
КР Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын өздүк курамы үчүн «Напарниктер 3» аттуу көркөм тасманын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чаранын максаты - кызматкерлердин биримдигин бекемдөө, моралдык-психологиялык духун жогорулатуу жана улуттук кинематография өкүлдөрү менен кызматташууну өркүндөтүү болду.
Тасма көрсөтүлгөндөн кийин актёрлорго жана тасманын чыгармачыл тобуна улуттук кинематографияны өнүктүрүүгө жана укук коргоо органдарын колдоого кошкон салымы үчүн ИИМдин ведомстволук медалдары жана эстелик белектери ыйгарылды.
