Садыр Жапаров күч түзүмдөрүн чоң реформа күтүп жаткандыгын айтты
Президент Садыр Жапаров күч түзүмдөрүн чоң реформа күтүп жаткандыгын "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде айтты.
Анын айтымына караганда, бул багыттагы иштер жакында башталат.
"УКМК өзүнө тиешелүү иштер: чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизм, бандитизм, баңгизаттарга каршы күрөш жана башка иштер менен алек болот. Ушул тармактар боюнча тергөө укуктары өздөрүндө калат. Экономикага киришпейт. УКМК эмне менен алек болуп жүргөнүн, ким анын кызматкери экенин эч ким билбеши керек", – деп, реформадан кийин мурдагы КГБдай накта атайын кызмат болоорун кошумчалады.
Президент ИИМ дагы өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барарын айтты.
"Тармагына тиешелүү тергөө укуктары өздөрүндө калат. Албетте, тизме түзүлүп, кайсы укуктар кимге берилери мыйзам менен кабыл алынат", – деди президент.
