"Бардыгына жок ачык". Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын айтты 
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 август

"Бардыгына жок ачык". Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын айтты 

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде кийинки шайлоого катышарын айтты.

Мамлекет башчысы ошондой эле шайлоодо бардыгына жол ачык экенин билдирди.

"Бардыгына жок ачык. Ким барам десе бара берсин. Орусча айтканда “флаг в руки”. Эч кимди чектебейбиз, бут тоспойбуз", - деди ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.