www
5 июнь
Германиядагы Боден көлүнөн 24 жаштагы кыргыз жигитинин сөөгү табылды
Германиядагы Боден көлүнөн ушул жылдын 1-июнунда 24 жаштагы кыргыз жигитинин сөөгү табылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Кыргызстандын Германиядагы элчилиги окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча аталган өлкөнүн компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүдө жана каза болгон жарандын туугандары менен тынымсыз байланышта болууда.
Учурда сөөктү мекенине репатриациялоо үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө иштери жүрүп жатат.
