17 январь

Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына А.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 8-декабрында белгисиз адам тигүүчү машиналарды сатып алуу шылтоосу менен байланышып, ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен «JACK» үлгүсүндөгү эки тигүүчү машинаны ээлеп алган. Жабдууларды сатуу тууралуу жарыя «Лалафо» мобилдик тиркемесине жайгаштырылган. Келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 130 миң сомду түзгөн. Шектүү жаран алган мүлкү үчүн төлөм жүргүзбөстөн, байланышка чыкпай, качып кеткен.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган Д.у.А. аттуу жарандын өздүгү такталып, кармалды. Ал Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу дагы сегиз факт боюнча мүмкүн болгон тиешеси текшерилүүдө.

Урматтуу жарандар, эгерде сиздер аталган адамдын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган болсоңуздар, төмөнкү байланыш номерлерине кайрылууңуздарды өтүнөбүз: