УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков үй камагына чыкты
13 май

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков үй камагына чыкты

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбековго карата бөгөт чарасы өзгөртүлдү.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Биринчи Май райондук сотунун 29-апрелдеги чечими менен ал 13-июнга чейин үй камагына чыгарылды.

Шабданбеков КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча шектелүүдө. Кылмыш ишин Аскер прокуратурасы иликтөөдө.

Буга чейин, 15-апрелде ал №1 тергөө абагына камалган. Кийинчерээк сот бөгөт чарасын жеңилдеткен.

Эске салсак, Тимур Шабданбеков КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп 2022-жылдын 13-июлунда дайындалып, 2026-жылдын 17-февралында кызматынан бошотулган.