Ички иштер министрлиги интернет тармагында тараган фейк маалыматтар боюнча маалымдайт
9 февраль

Ички иштер министрлиги интернет тармагында тараган фейк маалыматтар боюнча маалымдайт

Ички иштер министрлиги мамлекеттин кызмат адамдарынын, анын ичинде укук коргоо органдарынын жетекчилеринин атынан жасалма видеоматериалдар интернетке тараганын, анда Кыргызстандын жарандары кандайдыр бир инвестициялык платформа аркылуу жумасына 60-150 миң сом өлчөмүндө киреше алуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат таратылганын билдирет.

Аталган видеоматериалдар жасалма интеллект технологияларынын жардамы менен жазалып, чыныгы кайрылууларга жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт жана фейк мүнөзгө ээ экендигин билдиребиз.

Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга, тез жана жеңил киреше убада кылган шектүү маалыматтарга ишенбөөгө, күмөндүү шилтемелерге өтпөөгө жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат.

Бул фейк контентти таратуу фактысы боюнча текшерүү иштери башталды. Анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү укуктук баа берилет.