Бишкекте Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 көргөзмөсүндө россиялык КамАЗдар жана тик учактар тааныштырылды
5 июнь

Бишкекте Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 көргөзмөсүндө россиялык КамАЗдар жана тик учактар тааныштырылды

Бишкекте күн мурун, 4-июнда Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында биринчи эл аралык Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 өнөр жай жана соода көргөзмөсү ачылды.

«Жаштык Аренада» өтүп жаткан көргөзмөгө Кыргызстан, Беларусь, Кытай, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана башка ШКУ өлкөлөрүнөн 90дон ашуун ири өнөр жай компаниялары катышууда.

Алар өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, заманбап технологияларын жана инновациялык иштеп чыгууларын сунушташууда.

Иш-чара өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, жаңы өнөктөштөрдү табуу жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков белгилегендей, көргөзмөгө үч миңге жакын катышуучу жана конок катталып, иш-чарага жогорку кызыгуу байкалууда.

Көргөзмө 6-июнга чейин уланат.