Бишкекте тергөө кызматынын кызматкерине пара берүүгө шектелген аял кармалды
13 май

Бишкекте тергөө кызматынын кызматкерине пара берүүгө шектелген аял кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери КР Ички иштер министрлигинин Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө кызматы менен биргеликте пара берүүгө аракет кылган деп шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Тергөө маалыматына ылайык, Свердлов РИИБине тергөө кызматынын тергөөчүсү арыз менен кайрылып, уурулук фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында белгисиз жаран ага кылмыш ишин козгоо үчүн акчалай сыйлык сунуштаганын билдирген.

Бул факты боюнча 2026-жылдын 7-майында КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (“Пара берүү”) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 7-май күнү милиция кызматкерлери жана ички иликтөө кызматы тарабынан 1994-жылы туулган жаран тергөө бөлүмүнүн кызматтык кабинетинде акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган.

Учурда аталган иш боюнча тергөө амалдары уланууда.