Бишкекте коомдук транспортто чөнтөк уурулукка адистешкен шектүү кармалды
8 апрель

Бишкекте коомдук транспортто чөнтөк уурулукка адистешкен шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына В.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 24-мартында №51 коомдук транспорттун ичинде белгисиз адамдар жашыруун түрдө ага таандык баасы 40 000 сом турган «iPhone 12 Pro Max» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон, 1985-жылы туулган жаран С.Г. шектүү катары аныкталып, кармалган. Кармалган жаран чөнтөк уурулукка адистешкен адам катары ыкчам каттоодо турган.

Шектүү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар экени аныкталды.

Тергөө ишинин жүрүшүндө шектүү өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине кылмыш жолу менен алынган 5 даана уюлдук телефонду өткөрүп берген.