Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна ири көлөмдө таш көчкү түштү. Тазалоо иштери уланууда
видеодон алынган кадр
5 июнь

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна ири көлөмдө таш көчкү түштү. Тазалоо иштери уланууда

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна ири көлөмдө таш көчкү түштү. Анын болжолдуу көлөмү 55-60 миң куб метрди түзөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Учурда жеринде атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Таш көчкүнү тазалоо иштерине 2 экскаватор, 2 ХОВО жүктөгүч, 2 погрузчик тартылды. Ошондой эле башка аймактагы жол тейлөө ишканаларынан техникалар тартылууда. Дагы кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 4-июнда саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган.

Министрлик айдоочуларга коопсуздукту камсыз кылуу максатында аталган тилке аркылуу убактылуу каттамга чыкпай турууну, жол эрежелерин жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так сактоону эскертет.