Жалал-Абадда №1 жаңы поликлиниканын курулушу аяктап калды
16 июль

Жалал-Абадда №1 жаңы поликлиниканын курулушу аяктап калды

Жалал-Абад шаарында бардык талаптарга жооп берген, жаңы заманбап №1 поликлиниканын курулушу аяктоо алдында турат.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоордун курулуш иштери 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, тендердик баасы 156 миллион сомду түзгөн.

Курулуш иштери Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин тыкыр көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Үч кабаттан турган поликлиниканын жалпы аянты 3 141 чарчы метрди түзөт.

Поликлиниканы 2025-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.