Чүй облусунда 28 адам "кылмыштуу чөйрөдөн" баш тартты
КР УКМК тарабынан 2026-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын административдик имаратында ыкчам эсепте турган, уюшкан кылмыштуу ишмердүүлүккө катышкандыгы үчүн мурда соттолгон, ошондой эле кылмыштуу чөйрөдө бейрасмий макамга ээ болгон жарандар менен профилактикалык маек өткөрүлдү. Иш-чарага жалпы 28 адам катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана укук тартибин так сактоо боюнча мыйзам талаптары жеткирилди. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторду жана кылмыштуу коомчулукту түзгөндүгү жана аларга катышкандыгы, кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылагандыгы, курал-жаракты мыйзамсыз сактагандыгы, мамлекеттик органдардын ишине тоскоолдук кылгандыгы, ошондой эле башка укукка каршы аракеттерди жасагандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги түшүндүрүлдү.
Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар кылмыштуу чөйрөдөгү уурулук түшүнүктөрдөн жана криминалдык идеологиядан баш тарта тургандыктарын, ошондой эле мындан ары мыйзамсыз иш-аракеттерге катышпай тургандыктарын билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамдуулукту чыңдоого, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп келет.
