Бишкекте Адылбек Касымалиев менен Александр Турчиндин расмий жолугушуу аземи өттү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана расмий сапар менен өлкөгө келген Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Мамлекеттик туулар тигилип, Ардактуу күзөт тизилип, килем төшөлдү.
Министрлер кабинетинин төрагасы менен Беларусь премьер-министри бири-бири менен учурашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырды, андан соң тизилген аскерлердин катарын кыдырып чыгышты.
Аземдин жүрүшүндө алар туу алдында таазим кылышты.
Андан соң Адылбек Касымалиев менен Александр Турчин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты.
