Бишкекте муниципалдык жер тилкесин максатсыз пайдаланган кафе демонтаждалды
«Орто-Сай» базарынын аймагындагы Суеркулов көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан инвентаризациянын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери муниципалдык жер тилкесин максатсыз пайдаланган объектини аныкташты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган жер тилкеси унаа токтотуучу жай уюштуруу максатында ижарага берилгени аныкталды. Бирок ижарачы келишимдин шарттарын бузуп, бул жерге жеңил конструкциядан жасалган кафе орнотуп, иштетип келген.
Буга чейин Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан объекттин ээсине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу тууралуу эскертүү берилген. Муниципалдык жер тилкесин максатсыз пайдалангандыгы үчүн ага 13 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынган.
Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин объекттин ээси мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттенме алып, кафени өз ыктыяры менен демонтаждады.
Демонтаждын натыйжасында 200 чарчы метр муниципалдык жер тилкеси бошотулду.
Мындан ары бошотулган аймакта көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, жер тилкеси өзүнүн максаттуу багытына ылайык пайдаланылат. Бул өз кезегинде базардын сатуучулары жана келген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык жер тилкелерин ижарага алган жарандарды жана ишкерлерди ижара келишиминин шарттарын так сактоого жана жер тилкелерин белгиленген максатына ылайык пайдаланууга дагы бир жолу чакырат.
