БШКнын курамы өзгөрүшү мүмкүн: парламент мыйзам долбоорун 2-окууда колдоду
Жогорку Кеңеш бүгүн, 8-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда карады жана колдоду.
Мыйзам долбоорунда БШК беш жылдык мөөнөткө түзүлөрү жана комиссия сегиз мүчөдөн тураары белгиленген.
Ошондой эле төрт комиссия мүчөсү Жогорку Кеңеш тарабынан шайланса, жарымы президенттин сунуштамасы менен болот. Бир жыныстагы адамдар 70 пайыздан ашпашы керек.
Андан сырткары БШК алты мүчөсү дайындалган учурда, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укуктуу болот. Биринчи жыйынды комиссия мүчөлөрүнүн курагы боюнча эң улуусу өткөрөт.
Андан соң төрага шайланат – мында ал комиссия курамынын тең жарымынан көбүнүн добушун алышы керек.
