Кыргызстандын энергетика тармагында жаңылануу: 41 даана жаңы атайын техника ишке берилди
Энергетика министрлиги
5 июнь

Кыргызстандын энергетика тармагында жаңылануу: 41 даана жаңы атайын техника ишке берилди

Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоо жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо багытында Энергетика министрлиги тарабынан иштер ырааттуу түрдө жүргүзүлүүдө. Бул иштердин алкагында 41 даана атайын техника расмий түрдө тапшырылды.

Иш-чара министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусунда өтүп, энергетика тармагынын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө жана инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатууга багытталды.

Техникалар “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын өз каражатынын эсебинен жалпы суммасы 181,6 млн сомго сатып алынды. Эми алар республика боюнча электр тармактарынын ишканаларына бөлүштүрүлөт. Алардын катарына жүктөгүч-экскаваторлор, бийиктикке көтөрүлүүчү унаалар (автовышкалар), оор жүк ташуучу башкы унаалар (тягачтар), чиркегичтер жана бригадалык унаалар кирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жаңы атайын техникаларды көрүп чыгып, алардын электр тармактарынын ишенимдүү иштешин камсыздоодогу жана авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюудагы маанисине токтолду. Ошондой эле ал энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан заманбап санариптик долбоорлор менен таанышып, дата борбордун ишмердүүлүгүн көрүп чыкты. Борбордун техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу маалымат берилди.

Бул техникалар энергетика тармагындагы капиталдык курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу аткарууга, авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюуга, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана бөлүштүрүүчү тармактардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого шарт түзөт.

Мындан тышкары, 2026-жылдын ичинде кошумча 8 даана манипулятор сатып алуу пландалып, жалпы жаңыланган техникалардын саны 49 даанага жетет.

Эске салсак, 2025-жылы да энергетика тармагын чыңдоо максатында жалпы суммасы 379,1 млн сомго 140 даана атайын техника сатылып алынып, өлкө боюнча электр тармактары ишканаларына бөлүштүрүлгөн.

Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан бул системалуу иштер тармактын инфраструктурасын жаңылоого, күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүүгө жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.