Татарстанда жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болду
Татарстан Республикасынын Альметьевск районунда жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 15-мартында Набережные Челны – Альметьевск автожолунун 81-чакырымында КамАЗ жүк ташуучу унаасы менен Kia Carnival жеңил унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен Кыргызстандын жарандары – 1986-жылы туулган К.А.К. (айдоочу) жана 1987-жылы туулган Ш.А.Р. (жүргүнчү) окуя болгон жерде каза болушкан.
Маркумдардын сөөгү Альметьевск шаарындагы мейитканага жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталып, каза болгондордун жакын туугандары аныкталууда.
Министрликтин маалыматына караганда, бул маселе Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө турат.
