Медициналык кызматкерлер балдар жана өспүрүмдөр үчүн БМСЖнын жаңыланган стандарттары боюнча окутулууда
19–22-ноябрь аралыгында Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр үчүн баштапкы медико-санитардык жардам (БМСЖ) боюнча улуттук тренерлерди окутуу жүрүп атат. Тренер катары тандалган 25 КММА, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун, Бишкек медициналык колледжинин үй-бүлөлүк медицина жана педиатрия кафедраларынын окутуучулары балдардын өсүшүн мониторинг кылуу, профилактикалык кызматтар, эң көп кездешкен балдар ооруларын алып баруу жана сапаттуу БМСЖнын башка негизги компоненттери боюнча квалификациясын жогорулатууда.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ЮНИСЕФ жана ДССУнун колдоосу менен уюштурулду.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов белгилегендей, жаңыланган стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү өлкөдөгү ар бир балага жана өспүрүмгө көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат. Улуттук тренерлер бул билимдерди пайдаланып, республиканын бардык аймактарында үй-бүлөлүк дарыгерлерди жана БМСЖ адистерин окутат.
Окутуу Кыргызстан үчүн адаптацияланган ДССУнун БМСЖ кызматтары боюнча Чөнтөк колдонмосунун негизинде жүргүзүлүүдө. Бул колдонмо – балдарга жана өспүрүмдөргө зарыл медициналык кызматтарды көрсөтүүгө жооптуу баштапкы звенондөгү адистер үчүн практикалык инструмент. Адаптациялоо ЮНИСЕФ жана ДССУнун колдоосу менен, эл аралык мыкты тажрыйбаларга жана улуттук стандарттарга ылайык жүргүзүлгөн.
Колдонмонун мазмуну төмөнкүлөрдү камтыйт:
• Дени сак балдарды кароо: өсүшүн мониторинг кылуу, тамактануу боюнча кеңеш берүү, өнүгүүнү скрининг кылуу, эмдөөдөн өткөрүү;
• Профилактикалык кызматтар: ден соолук боюнча маалыматтандыруу, тобокел факторлорун эрте аныктоо, ден соолукту чыңдоочу жашоо образын жайылтуу;
• Ооруган балдарды кароо: эң көп кездешкен балдар ооруларын далилдүү медицинага таянуу менен алып баруу, багыттоо протоколдору;
• Өспүрүмдөрдүн ден соолугу: өспүрүмдөргө багытталган кеңеш берүү жана дарылоо ыкмалары.
Семинар аяктагандан кийин даярдалган тренерлер сунушталган жаңыланган сунуштамаларды өлкөнүн жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын дипломго чейинки жана кийинки билим берүү программаларына интеграциялашат. Бул БМСЖ деңгээлинде жаңы стандарттарды кеңири жана туруктуу киргизүүгө шарт түзөт.
